Казакстандын «Кайрат» футболдук клубу Испаниянын «Реал Мадрид» футболдук клубу менен Чемпиондор Лигасынын алкагында оюн өткөрөт.
Бул тууралуу кечээ, 28-августта Монакодо өткөн чүчү кулак тартуу учурунда белгилүү болду.
«Кайрат» өз талаасында «Реал Мадрид» (Испания), «Брюгге» (Бельгия), Пафос (Кипр) жана «Олимпиакос» (Греция) менен 4 оюн өткөрөт, ошондой эле конокто «Арсенал» (Англия), «Интер» (Италия), «Копенгаген» (Дания) жана «Спортинг» (Португалия) командалары менен 4 оюн өткөрөт.
Биринчи турдун беттештери 16-18-сентябрда болот.