Футбол: Кыргыз курамасы Өзбекстандан жеңилип калды

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раунду алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда беттеш болуп өттү.

Беттештин 1-бөлүгү 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Ал эми 71-мүнөттө Өзбек курамасы гол жаратып, алдыга чыкты. Калыс кошумча 5 мүнөт берди. Бирок эсеп сандар өзгөргөн жок. Ошентип, беттеш 2:3 эсебинде Өзбекстандын курамасынын жеңиши менен аяктады.