Футбол: Кыргызстан кытайлык Тайбэйди 2:0 эсебинде жеңди

Бүгүн, 21-март күнү Кыргызстандын улуттук курамасы 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун квалификациялык раунду алкагында кытайлык Тайбэй менен оюнда кез келди. Беттеш Гаосюн шаарынын «Наньцзы» стадионунда өтүп жатат.

Оюндун биринчи бөлүгүндө эки команда тең эсеп сандарын ача алышкан жок. Калыстар беттешке кошумча 1 мүнөт беришти, бирок ал эч нерсени өзгөртө алган жок.

Экинчи бөлүктүн 52-мүнөтүндө Кыргызстандын оюнчусун каршылашы кулатып, пенальти жаралды. Топту Валерий Кичин тээп, алгачкы голду жаратты. 79-мүнөттө Кыргызстандын курамасы 2-голун киргизди. Анын автору Кай Мерк болуп калды. Негизги убакыт бүткөн соң, 5 мүнөт кошуп беришти. Бирок кошумча берилген убакытта эч нерсе өзгөргөн жок. Оюн 2:0 эсебинде Кыргызстандын жеңиши менен аяктады.

26-мартта Кыргызстан менен кытайлык Тайбэй Бишкекте беттеш өткөрөт. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.