Бүгүн, 25-январда Кыргызстандын “Ак шумкарлары” менен Омандын курамасынын беттеши өттү.
1-таймдын 8-мүнөтүндө Омандын курамасы стандарттык абалдан пайдаланып, гол жаратты. 1-таймга калыстар 7 мүнөт кошуп беришти, бирок бул убакытта да эсеп сандар өзгөргөн жок. Оюндун биринчи бөлүгү 0:1 эсебинде Омандын алдыга чыгуусу менен аяктады.
Ал эми 2-таймда Жоэл Кожо Кыргызстандын курамасына 1-голду жаратты. Ошентип эки кураманын эсеп сандары 1:1 болуп теңелди. 2-бөлүк аяктаган соң, кошумча 7 мүнөт кошуп берилди. Бирок Кыргызстандын курамасы бул убакытта суурулуп чыга албай, Азия Кубогунан четтеп калды.