Футбол: Кыргызстан – Өзбекстан беттешинде Кувейттен келгендер калыстык кылат

Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол боюнча курама командаларынын беттешинде Кувейттен келгендер калыстык кылат. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

ФИФА калысы Ахмад Аль Алинин жетекчилиги алдындагы Кувейттик арбитрлер бригадасы 2026-Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында, 10-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өтө турган Кыргызстан – Өзбекстан беттешинде калыстык кылат.

Башкы калыска анын мекендештери Абдулхади Аль Анези жана Ахмад Аббас жардам беришсе, Аммар Ашканани резервдик арбитрдин милдетин аткарат.

VAR калысы катары Абдуллах Жамали иштесе, Нашем Алибрахим ага жардам берет.