Футбол: Кыргызстан Сауд Арабиядан жеңилип калды

Бүгүн, 21-январда Катарда Кыргызстандын футбол боюнча курамасы — “Ак шумкарлар” менен Сауд Арабиянын “Жашыл шумкарлары” оюн көрсөтүштү.

Оюн башталганынан 9-мүнөт өткөндөн кийин эле Кыргызстандын курамасынын оюнчусу Айзар Акматов кызыл айып кагазын алып, оюндан чыгып калды. 1-таймдагы эсеп санды Сауд Арабиянын футболчусу 35-мүнөттө ачты. 1-тайм Сауд Арабиянын алдыга чыгуусу менен аяктады.

2-таймдын башталышында эле Кыргызстандын курамасынын оюнчусу Кими Мерк да кызыл айып кагазын алып, оюндан чыгып калды. Сауд Арабиянын оюнчусу 2-голду жаратты. 2-тайм аяктаган соң, калыс кошумча 9 мүнөт кошуп берди, бирок бул убакытта эки команда тең эсеп сандарды өзгөртө алышкан жок. Ошентип оюн 0:2 эсебинде Сауд Арабиянын жеңиши менен аяктады.