Футбол: Кыргызстандын жаштар курамасы Мьянманы жеңди

Кечээ, 25-сентябрь күнү Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда жаштар арасында 2025-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандап алуу оюндары старт алып, Кыргызстан курамасы алгачкы беттешинде Мьянмага каршы кез келди.

Беттештин алгачкы бөлүгүнүн 17 мүнөтүндө эсеп санын Байбол Эрмеков ачты. Ал эми 37-мүнөттө Ырыскелди Маданов дагы бир гол киргизип командасын алдыга алып чыкты. Мирлан Эшеновдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын курамасы 2:0 эсебинде оюнду жыйынтыктады.