Футбол: Кыргызстандын жаштар курамасы Палестинаны жеңди

3-сентябрда Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курама командасы футбол боюнча 2026-жылдагы Азия Кубогунун тандоо этабындагы жүрүшүн баштап, Палестина командасына каршы кез келди. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда орун алды.

Беттештин экинчи бөлүгүндө Кими Мерк (81′ П) пеналтиден эсеп санын ачты. Ал эми, атаандаш экинчи бөлүктүн кошумча убактысында эсепти теңөөгө жетишти (90+4′). Бирок дароо эле биздин кураманын чабуулунун натыйжасында Кими Мерк эсеп санын жаңыртып (90+5′), курамага 2-1 эсебиндеги жеңишти камсыздады.

Эске салсак, 2026-жылдагы Азия Кубогунун тандоо оюндарында жалпы 44 команда катышып, 11 тайпага бөлүнгөн. Кыргыз Республикасынын курама командасы «Е» тайпасында Палестина, Өзбекстан жана Шри-Ланка курама командалары менен ат салышат.