Футбол: Кыргызстандын курамасы Өзбекстандан жеңилип калды

Бүгүн, 20-март күнү Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Өзбекстан курама командасы менен беттешти.

Беттеш Ташкенттеги Бунёдкор стадионунда болуп өттү.

1-таймдын 40-мүнөтүндө Өзбекстандын курамасы эсеп сандарын ачты. Биринчи бөлүк Өзбекстан курамасынын алдыга чыгышы менен аяктады.

Ал эми оюндун 2-бөлүгүндө эки команда тең эсеп сандарын өзгөртө алышкан жок. Ошентип, беттеш 0:1 эсебинде Өзбекстандын жеңиши менен аяктады.