Футбол: Кыргызстандын курамасы Вьетнамды пенальтилер сериясында утуп алды (видео)

Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (U-23) вьетнамдык оюнчуларды утуп алды. Беттеш 28-мартта Катарда Эл аралык кубок U-23 эл аралык турниринин алкагында өттү.

Беттештин негизги убактысы 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Мидин Керезбеков 83-мүнөттө оюндан четтетилгендиктен кыргызстандыктар оюнду бир оюнчуга аз аяктады.

Пенальтилер сериясында Кыргызстандын курама командасы 5:4 эсебинде жеңишке жетти. Буга чейин бул турнирде кыргыз курамасы Кувейт (0:1) жана Оманга (0:2) утулуп калса, вьетнамдыктар Ирак (0:3) жана Бириккен Араб Эмираттарына (0:3) утулуп калган.