Футбол: Олимпиадалык курама команда Үч улуттун Кубогу мелдешинде финалга жолдомо алышы мүмкүн

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча Олимпиадалык курама командасы 25-мартта Үч улуттун Кубогу мелдешинде кезектеги оюнун өткөрдү. Беттеш Катманду шаарынын «Дасаратх Рангасала» стадионунда өттү.

Кыргыз футболчулары Непалга каршы ойношту.

Беттештин жүрүшүндө бир дагы гол жаралбай, оюн тең чыгуу менен аяктады.

Олимпиадалык курама команданын финалга жолдомо алышы 27-мартта Бангладеш-Непал оюнунун жыйынтыгында билинет.

Эгерде Непал Бангладешке 2 гол айырмасында жеңилсе, ошондо гана Кыргызстан финалдык оюнда кайрадан Бангладешке каршы чыгат.