Футбол: Оюн башталарда Палестинанын машыктыруучу штабынын мүчөсүн Тез жардам кызматы алып кетти

Палестинанын машыктыруучулар штабынын мүчөсү Кыргызстандын курама командасы менен беттеш алдында өзүн жаман сезип, аны Тез жардам унаасы менен оюн талаасынан алып кетишти. Бул тууралуу стадиондо жүргөн СЕРЕП МЕДИА саалымат агенттигинин кабарчысы билдирди.

Учурда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча эл аралык турнир өтүп жатат.