Президент Садыр Жапаров футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасын жеке колдоо үчүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго келди.
Мамлекет башчысынын эл аралык спорттук иш-чараларга катышуусу жакшы салтка айланды жана жалпысынан кесипкөй спортту да, жаштарды да колдоонун белгиси болуп калды. Бул ошондой эле сергек жашоонун, дене тарбиялык активдүүлүктүн жана спорт аркылуу патриоттук тарбия берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт.
Бүгүн биздин футболчулар Шри-Ланка менен ойношту. Оюн футбол боюнча (U-23) Азия кубогуна тандоонун алкагында өтүүдө.