Футболчу Роналдиньо Кыргызстанга келет

Кыргызстанга бразилиялык футболчу Роналдиньо келет. Бул тууралуу «Барселона» футболдук клубунун сайты билдирди.

Өлкөгө испаниялык футболчу Карлес Пуйоль жана аргентиналык футболчу Хавьер Савиола да келишет.

Алар «Барселона» клубунун КМШдагы футбол академиясынын ачылышына катышат. Иш-чара 28-30-августка белгиленген.