Футболчу Валерий Кичин «Даңк» медалы менен сыйланды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын капитаны Валерий Кичин «Даңк» медалы менен сыйланды. Спортчуга сыйлыкты министр Кайрат Иманалиев тапшырган. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Мамлекеттик сыйлык Валерий Кичинге 2019-жылы өткөн Азия футбол кубогунда татыктуу оюн көрсөткөнү, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, республиканын квалификациялуу спортчуларын даярдаганы үчүн ыйгарылган.

Кыргызстандын футбол курамасы 2022-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө биринчилигинин тандоо оюндарына катышуу үчүн Японияга учуп кетти. Тандоо турунун алкагында Кыргызстан Япония, Мьянма жана Монголиянын курамалары менен оюн өткөрөт.