Футзал боюнча кыз-келиндер арасындагы Кыргыз улуттук курама команда Тажикстанды жеңип алды

Кечээ, 27-январда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан «CAFA Women’s Futsal Championship 2022» турниринин алкагында футзал боюнча кыз-келиндер арасындагы Кыргыз улуттук курама команда Тажикстанды экинчи оюнда 4:1 эсебинде жеңип алды.

Ал эми аталган эки команданын 21-январда өткөн алгачкы оюну 1:1 эсебинде тең чыгуу жыйынтыкталган.

Турнир эртең жыйынтыкталат. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Ирандын курама командалары катышууда.