Футзал: Кыргыз курамасы Мьянманы жеңди

Кечээ, 10-апрелде Кыргыз Республикасынын футзал боюнча курамасы Бангкок шаарында Мьянмага каршы беттеш өткөрдү. Жолугушуу машыктыруучулук мүнөзгө ээ болуп, жабык режимде жана түз алып баруусуз өттү.

Биздин команданын курамында голдордун авторлору Шохрух Махмадаминов, Максат Алимов жана Абдурахим Данияр уулу болду. Беттеш 3:1 эсебинде Кыргыз курамасынын жеңиши менен аяктады.