Грек-рим күрөшү боюнча курама Азия чемпиондугунда 7 медаль жеңди

Грек-рим күрөшү боюнча курама команда Азия чемпиондугунда 7 медаль жеңди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Күрөш түрлөрү боюнча Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча курама команда 7 медаль жеңди — 3 алтын, 4 күмүш.
17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-июнда старт алган. Бүгүн, 24-июнда кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтөт.