Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын 6 мүчөсү Младеновац шаарында (Сербия) өткөн Любомир Иванович Гедза атындагы эл аралык мелдеште алдыңкы орундарды жеңишти. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.
Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Раззак Бейшекеев алтын медаль тагынды. Бексултан Махмудов күмүш, ал эми Үзүр Жусупбеков менен Амантур Исмаилов коло медалдын ээси болушту.