Гвардиола: «Хусанов менен сүйлөшүү үчүн орус же өзбек тилин үйрөнүшүм керек»

«Манчестер Ситинин» башкы машыктыруучусу Хосеп Гвардиола жаңы келген өзбекстандык коргоочу Абдукодир Хусанов менен кантип баарлашарын айтып берди.

Кечээ, 25-январда Хусанов Англиянын Премьер-лигасынын 23-турунда дебют жасады. Лондондун «Челси» (3:1) менен «Манчестер Сити» клубдарынын беттешинин алгачкы төртүнчү мүнөтүндө сары айып кагазын алды.

Гвардиола «Мен аны менен сүйлөшүү үчүн орус же өзбек тилин үйрөнүшүм керек. Ал англисче сүйлөбөйт» деп комментарий берген жергиликтүү басылмаларга.

20 жаштагы коргоочу 20-январда франциялык «Ланстан» Англиянын «Манчестер Ситисине» өткөн. Быйылкы сезондо Хусанов «Ланс» үчүн 16 беттеш өткөргөн. «Манчестер Сити» менен оюнчунун эмгек келишими 2029-жылдын жай айына чейин. Маалыматтарга караганда, футболчу «Манчестер Сити» менен 50 миллион еврого келишим түзгөн.

Кийинки турда Хосеп Гвардиоланын шакирттери Лондондун «Арсеналы» менен ойнойт. Беттеш 2-февралда Бишкек убактысы  менен саат 23:30да башталат.