Гүлжигит Алыкулов экинчи ирет Азиянын «Апта оюнчусу» аталды

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жарым коргоочусу, Казакстандын Алматы шаарынын «Кайрат» футбол клубунун оюнчусу Гүлжигит Алыкулов экинчи ирет катары менен Азиянын “мыкты футболчусу” болду. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынын сайтында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында анык болду.

Сурамжылоодо Азиядагы Иран, Австралия, Япония сыяктуу алдыңкы футболдук өлкөлөрдүн оюнчулары ат салышып, Алыкулов добуштун 51,21 пайызын алган. Ал эми Орусиянын «Зенит» клубунун ирандык футболчусу Сардар Азмун добуштардын 35,98 пайызын алып, экинчи орунга чыккан.

«Өткөн жуманын жеңүүчүсү кайтып келди. Ошондуктан ал «Кайраттын» кезектеги мыкты оюнунан кийин талапкерлердин тизмесин баштайт. Кыргызстандык оюнчу өз командасына биринчи голду киргизип, андан кийин коргоочуну жазгырып өтүп, топту дарбаза торунун төмөнкү бурчуна багыттап экинчи голун киргизген», — деп жазылат АФКнын сайтында.

13-мартта Казакстан Премьер-лигасында «Кайрат» менен «Жетису» клубу кез келип, анда Алыкулов бир голдук пас берип, 1 гол киргизген. АФК Гүлжигиттин апта ичиндеги оюнундагы статистикасын белгилеген. Анда Алыкулов «Жетису» командасына каршы беттеште 80 мүнөт ойноп, 1 гол киргизип, 1 голдук пас берген, командалаштарына топ өткөрүп берүүсү 84 пайыз так болгон.

Андан сырткары бул жолку жарышта Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жана Орусиянын Улуттук лигасындагы “Енисей” клубунун коргоочусу Валерий Кичин дагы талапкер болгон. Ал добуштардын 3,75 пайызын алып, төртүнчү орунга татыктуу болду.