Гүлжигит Алыкулов «Немандын» жалгыз голун жаратты

Кыргызстандын Улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов «Неман» клубу үчүн оюнда гол киргизди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашты.

Беларустун Жогорку лигасында ата-мекендик оюнчу ойногон клуб кечээ күнү «Динамо-Минск» командасы менен кез келип, анда Гүлжигит Алыкулов «Немандын» жалгыз голун жаратты.