Гүлнур Таштанбекова Азия чемпионатынын коло медалын утту

10-апрелде Бишкек шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Гүлнур Таштанбекова коло медалга татыды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Ал 65 кг чейинки салмакта күч сынашып, алгачкы беттешинде Кытайдын өкүлү Лилиге 10:0 эсебинде утулуп калган. Кийинки жубатуучу беттеште Иордания өлкөсүнүн өкүлүн 10:0 ири эсебинде жеңип, коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Чечүүчү беттеште өзбекстандык Фируза Эсенбаеваны 4:2 эсебинде утуп, коло медалдын ээси болду.