Хабиб Нурмагодемовдун машыктыруучусу Кыргызстанга келип, көк-бөрү көрүүнү кыялданарын жазды

UFC чемпиону Хабиб Нурмагодемовдун машыктыруучусу Хавьер Мендес социалдык тармактагы жеке баракчасына Кыргызстанга келип, көк–бөрүнү көрүп кетүү каалоосу бар экенин жазды.

Мендес жана Нурмагомедов азыркы учурда Бириккен Араб Эмираттарында. Ал “Кыргызстанга барып, көк–бөрү оюнун көрүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам” деген билдирүүсүн кыргыз ишкерлери менен жолуккандан кийин жазган жана ”Жакында Кыргызстанга” – деген билдирүү да калтырган.

Эске салсак, Хабиб Нурмагомедов 2018-жылы улуттук комитеттин атайын чакыруусу менен Кыргызстанга келип, өзүнүн Кыргыз өлкөсүндөгү  популярдуулугуна таң калган.