Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келет

UFC’нин мурунку чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келет. Бул тууралуу EFC турниринин PR-менеджери Нурпери Садырбекова билдирди.

Анын айтымында, мурунку чемпион Хабиб Нурмагомедовго таандык Eagle Fighting Championship (EFC) боюнча аралаш мушташ боюнча мелдеш биринчи жолу Кыргызстанда өтөт. Негизги кармашта учурдагы лиганын чемпиону Руслан Яманбаев (Орусия) Бусурманкул Абдибаит уулуна (Кыргызстан) каршы титулун коргойт.

Беттеш 3-августта Чолпон-Атадагы ипподромдо өтөт. Ага атайын конок, уюмдун президенти, жеңилбеген UFC’нин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов келет.