Хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугу. Кыргызстан Таиланддын командасына жеңилип калды

Кечээ, 10-март күнү шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча үчүнчү дивизиондун “А” тайпасынын Дүйнө чемпионаты старт алды. Анда Кыргызстан менен Таиланддын командалары күч сынашып, Кыргызстан 4:9 эсебинде жеңилип калды.

Жеңиш үчүн алты өлкөнүн — Кыргызстан, Мексика, Түштүк Африка Республикасы, Люксембург, Түркмөнстан жана Таиланддын командалары күч сынашып жатат. Эгер ата мекендик курама команда утуп чыкса, хоккей боюнча экинчи дивизиондун “Б” тайпасына өтүүгө мүмкүнчүлүк алат.