Дүйнө чемпиондугу. Хорватия Бразилияны жеңип, жарым финалга чыкты

Хорватиянын футбол боюнча курама командасы Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты.

1/4 финалдын биринчи оюнунда Хорватиянын курамасы турнирдин негизги фавориттери Бразилия курама командасы менен беттешти. Беттештин негизги убактысы 0:0 эсебинде аяктады. Биринчи кошумча таймдын аягында Неймар беттеште эсепти ачса, экинчи кошумча таймдын бүтөрүнө бир нече мүнөт калганда хорваттар эсепти теңеп, беттешти пенальтилер сериясына өткөрө алышты. Жалпысынан алганда, хорваттар 4:2 эсебинде жеңишке жетишти. Хорватия күтүүсүздөн Бразилиядан өтүп, жарым финалга чыгып, Голландия-Аргентина жубунун жеңүүчүсү менен ойнойт.