Ийгилик! Бүгүн Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова беттешке чыгат

Бүгүн, 5-август күнү жайкы Париж Олимпиадасынын алкагында грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер башталат.

Мелдештин биринчи күнү грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтөт. Жоламан Шаршенбеков 1/8 финалда казакстандын балбаны Айдос Султангали менен күч сынашат.

Ал эми кыз-келиндер арасында 68 килограмм чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова монголиялык Делгермаа Энсайхан менен беттешет.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.