ИИМдин “Шумкар” полку Өзбекстандагы чемпионаттарда байгелүү орундарга жетишти (сүрөт)

Өзбекстанда өткөн чемпионаттарда ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полктун кызматкерлери байгелүү орундарды камсыз кылды. ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун маалымат кызматы билдиргендей, 3-10-июнь аралыгында Ташкент шаарында самбо боюнча Азия чемпионаты жана кармаш-уруш боюнча Дүйнө чемпионаты өттү.

Самбо күрөшү боюнча 88 килограмм салмакта 2-орунду Нурисбек Бекбердиев ээлесе, ал эми 98 килограмм салмакта 3-орунга Бекболсун Керимбеков илинди. Кармаш-уруш боюнча Дүйнө чемпионатында Алмаз Жолбунов 90 килограмм салмакта коло медаль тагынды.

Байгелүү орундарды камсыз кылган кызматкерлерге полктун командири акчалай сыйлык тапшырып, кызматкерлерге спорттук жетишкендиктерди жана кызматтык тапшырмаларды аткаруудагы тайманбастыкты каалады.