«Интер» жана «ПСЖ» Чемпиондор лигасынын финалына чыкты

УЕФАнын Чемпиондор лигасынын жарым финалынын экинчи беттештери орун алды. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат.

6-майда италиялык “Интер” өз талаасында испаниялык “Барселонаны” 4:3 эсебинде утуп алган.

Бир күн мурун «ПСЖ» менен «Арсенал» командалары беттешти. Беттеш 2:1 эсебинде француз клубунун пайдасына аяктады. Голдорду Фабиан Руис менен Ашраф Хакими киргизди.

Эки беттештин жалпы эсеби боюнча 31-майга белгиленген финалга «Интер» менен «ПСЖ» өттү.