Ислам оюндары. Кыргызстан медалдык эсепте 9-орунга көтөрүлдү

13-августта Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештик оюндарында Кыргызстандын спортчулары 6 медаль алып келишти.

Кыргызстандын балбандары Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков алтын, Амантур Исмаилов күмүш, Атабек Азисбеков менен сууда сүзүүчү Денис Петрашов коло байгеге ээ болушту.

Азыр Кыргызстандын командасынын эсебинде 15 медаль бар – 6 алтын, 5 күмүш жана 4 коло. Бул жыйынтык спортчулары оюндарда медаль уткан 40 өлкөнүн арасында командага медалдык эсепте 10-орундан 9-орунга көтөрүлүүгө мүмкүндүк берди.