Ислам шериктештиги оюндары. Айпери Медет кызы алтын медаль утту

Кыргызстандык Айпери Медет кызы Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында алтын медаль тагынды.

Кыргызстандык тайпалык баскычта эки жеңишке жетип, жарым финалга өтүп, Түркиядан келген спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңген. Финалдык беттеште Медет кызы тайпалык баскычта 10:0 эсебинде жеңген Камерундун өкүлү менен беттешти. Чечүүчү кармашта кыргызстандык кайрадан күчтүү болуп, турнирдин жеңүүчүсү аталды.