Ислам шериктештиги оюндары. Дилназ Сазанова коло медалга ээ болду

Кыргызстандык Дильназ Сазанова Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештик оюндарында коло медаль тагынды. Ал эркин күрөш боюнча турнирде 65 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Сазанова тайпалык баскычта эки жеңишке жетип, финалга өткөн, бирок казакстандыкка утулуп калган. 3-орун үчүн болгон беттеште кыргызстандык Камерундун спортчусун кайрадан жеңип алды.