Ислам шериктештиги оюндары. Мээрим Жуманазарова алтын медаль жеңди

Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештик оюндарында Мээрим Жуманазарова алтын утуп.

Финалда казакстандык Мадина Бакбергенованы жеңип алды. Тайпалык баскычта Жуманазарова 3 беттеш өткөрүп, Бангладеш, Түркия жана Өзбекстандын спортчуларын жеңген. Жарым финалда Түркмөнстандын өкүлүн 11:0 эсебинде жеңди. Бул Кыргызстандын оюндардагы бешинчи алтыны.