Ислам шериктештик оюндарында Роман Петров Кыргызстанга жетинчи алтын медалды жеңди

Кыргызстандык спортчу Роман Петров Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештик оюндарында алтын медаль тагынды. Ал 15-августта фехтование боюнча мелдешке чыкты.

Финалдык жолугушуусунда Петров Азербайжандын өкүлүн 15:11 эсебинде жеңип, оюндардын жеңүүчүсү болду. Бул медаль Кыргызстан үчүн 20-медаль болду – 7 алтын, 6 күмүш жана 7 коло.