Жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн кимдер күч сынашат? Тизме

16-24-сентябрь күндөрү Белград шаарында (Сербия) Дүйнө чемпиондугу өтөт. Анда 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн Кыргызстандын спорттук күрөш боюнча (эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана грек-рим күрөшү) курама командасы күч сынашат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, беттештер 10 салмак категориясында өтүп, жалпы 90 квота ойнотулат.

Дүйнө чемпиондугуна катышуучулардын тизмеси:

Эркин күрөш боюнча курама команда:

— 57 килограмм Алмаз Сманбеков;
— 61 килограмм Тайырбек Жумашев;
— 65 килограмм Икромжон Хаджимурадов;
— 70 килограмм Эрназар Акматалиев;
— 74 килограмм Арсалан Будажапов;
— 86 килограмм Нарбек Изабеков;
— 97 килограмм Каныбек Абдулхаиров.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда:

— 59 килограмм Кальмира Билимбек кызы;
— 62 килограмм Айсулуу Тыныбекова;
— 68 килограмм Мээрим Жуманазарова;
— 72 килограмм Нурзат Нуртаева;
— 76 килограмм Айпери Медет кызы.

Грек-рим күрөшү боюнча курама команда:

— 60 килограмм Жоламан Шаршенбеков;
— 67 килограмм Амантур Исмаилов;
— 77 килограмм Акжол Махмудов;
— 87 килограмм Азат Салидинов;
— 97 килограмм Бексултан Махмудов.