Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча президенттин кубогу Чолпон-Ата шаарында өттү. Көк бөрү боюнча “Достук” командасы “Ынтымакты” жеңип, Жогорку лиганын чемпиону болду.
Манас Ниязов жеңиштен кийин бир нече суроого жооп берди. «Жеңиш бизге буйруган экен. Жакшы даярданганбыз. Эмгектин мээнети кайтты. Сүйлөшүп, уталы деп чыкканбыз»,- деди ал.