Бүгүн, 11-апрелде Жакшылык Байташов эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын коло байге ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Ал 79 кг чейинки салмактын алгачкы беттешинде индиялык Сандип Сингх Маннуга 0:7 эсебинде жеңилген, бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Анда иорданиялык Эрзо Исаковду 6:2 эсебинде жеңип, коло байге үчүн күч сынашууга чыккан. Чечүүчү беттеште тажикстандык Самонждон Икромовду 6:0 эсебинде жеңип үчүнчү орунга ээ болду.