Жан үрөө деген ушул! Командасын куткарам деген спортчу жөө күлүктөр менен таймашты

Польшадагы Европа оюндарынын алкагында буга чейин чуркап машыкпаган бельгиялык спортчу командасын дисквалификациядан сактап калуу үчүн тоскоолдуктар коюлган 100 метрлик аралыкка чуркоого чыкты. Буга жарышка катыша турган кыздын травма алып калганы себеп болгон.

Жыйынтыгында ядрону түртүп ыргытуу жана чоң балканы ыргытуу боюнча Бельгиянын чемпиону Жолиен Бумкво бир дагы тоскоолдукту кулатпай, аралыкты чуркап өттү. Чуркап машыкпаса да, аталган спортчу 16 катышуучунун ичинен акыркысы болгон жок, ал он бешинчи болуп марага жеткен.