«Жаракаты жок болгондо…» Кыргызстандыктар Жуманазарованы жеңип алган Амит Элорго тамалашуу пикирлерди жазып жатышат

Мээрим Жуманазарова жайкы Париж Олимпиадасында күмүш медаль жеңди. Финалда кыргызстандык спортчу АКШ спортчусу Амит Элор менен кез келип, андан 3:0 эсебинде жеңилип калган

Кыргызстандык соцтармак колдонуучулары Амит Элордун ТикТоктогу баракчасын таап алышкан. Олимпиада чемпиону болгон Амит Элордун алтын медалын тагынып алып, нан жеп түшкөн видеосунун алдына төмөндөгүдөй тамашалуу билдирүүлөрдү калтырып жатышат.