Жаштар арасында грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн чемпионаты өттү

Жаштар арасында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 29-30-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана Ош, Бишкек шаарларынан келген 200дөн ашык спортчу катышты.

Анда жеңүүчүлөр жана байгелүү орундун ээлери диплом, медалдар менен сыйланышты. Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Күрөш федерациясы тарабынан уюштурулду.