Жаштар арасында (U23) Асан Жанышов Азия чемпиону болду

Кечээ, 15-июнда грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Асан Жанышов Азия чемпиону болду.
Спортчу 82 килограмм салмак даражасында күч сынашып, 1/8 финалда казакстандык балбанды 5:4 эсебинде жеңген. Чейрек финалда индиялык балбан менен кез келип, 4:0 эсебинде утту. Жарым финалда түркмөнстандык спортчуну 8:0 эсебинде артта калтырды. Ал эми алтын медаль үчүн болгон беттеште өзбекстандык Аброрбек Мамировду жеңип, 1-орунду ээледи.
Күрөш боюнча Азия чемпионаты 10-июнда старт алган. Алгач 17 жашка чейинки балбандар арасында өттү. 15-18-июнь күндөрү 23 жашка чейинкилер арасында болот.