Жеңил атлетика: Кыргызстандык жөө күлүктөр Ташкенттен жемиштүү кайтышты

Кыргызстандык жөө күлүктөр Мария Коробицкая менен Дарья Маслова Ташкент марафонунда алтын медаль утушту. Үчүнчү эл аралык марафон 28-мартта Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн.

Мария Коробицкая 42,195 чакырымдык аралыкка чуркоодо биринчи келип, алтын медаль тагынган. Ал эми Дарья Маслова 21,1 чакырымдык жарым марафондо атаандаштарын артта калтырып, алтын байге утту. Дагы бир кыргызстандык жөө күлүк Гульшанай Сатарова марага үчүнчү келип, коло медаль тагынды.

Эркектер арасында кыргызстандык спортчу Илья Тяпкин марафондук аралыкка жарышып, экинчи орунду ээлеген.