Жеңиш! Дмитрий Бивол эки бокс уюмунун версиясы боюнча Дүйнө чемпиону болду

Бүгүн, 24-декабрга караган түнү Сауд Аравияда Токмокто туулган спортчу Дмитрий Бивол эки бокс уюмунун версиясы боюнча Дүйнө чемпиону болду. Анда ал WBA (Бокстун бүт дүйнөлүк уюму) боюнча чемпиондугун гана коргобостон, атаандашынан IBO (Бокстун эл аралык уюму) боюнча чемпиондук наамын да алды.

Дмитрий Бивол менен атаандашы британиялык Линдон Артур титулдук кармашы 12 раундга созулуп, ал калыстардын чечими менен Дмитрий Биволдун 22-жолу жеңишке жетүүсү менен аяктады.

Беттешти Криштиану Роналду менен Конор Макгрегор көрүп олтурушту.