Жеңиш кубогу-2024: Көк бөрү боюнча биринчи лигада «Талас» 1-орунду ээледи

9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарындагы (Ысык-Көл облусу) ат майданында улуттук оюндар өтүүдө.
Анын алкагында көк бөрү оюну боюнча биринчи лигада «Талас» жана «Ысык-Ата» командалары 1-орун үчүн беттеш өткөрүп, жыйынтыгында «Талас» атаандашын 4:2 эсебинде жеңип жогорку лигага көтөрүлдү.

Ал эми жогорку лиганын финалдык оюндары бүгүн, «Ынтымак» жана «Сары-Өзөн» командалары күч сынашат. Оюндар саат 17:30дө башталат.