Жеңиш кубогу-2024: «Ынтымак» — чемпион болду

9-май улуу Жеңиш күнүнө карата «Жеңиш кубогу – 2024» көк бөрү оюндары Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өттү.

Жогорку Лиганын финалдык оюнунда Чүйдүн «Сары-Өзөн» командасы менен Таластын «Ынтымак» командасы күч сынашты. Буга чейин тайпалык баскычта «Сары-Өзөн» командасы «Ийгилик» жана «Достук» командаларын артта калтырган. «Ынтымак» болсо «Мурас» менен «Намысты» утуп, финалга келген.

Биринчи тайм 1:1 менен аяктады. Салымдардын ээлери: Исхак Бекболот уулу жана Өмүрбек Эсен уулу. 2-таймда Өмүрбек Эсен уулу дубль жасап, эсеп «Ынтымактын» пайдасына 2:1 болду. 3-бөлүмдүн 1-мүнөтүндө «Сары Өзөн» дагы бир салым сала алды. Эсеп 2:2.

3-тайм «Ынтымак» үчүн ийгиликтүү болуп, Өмүрбек Эсен уулунун хет-триги жана  Майрамбек Рыспековдун салымы команданы жеңишке жеткирди. Ошентип, «Ынтымак» командасы бул турнирдин чемпиону аталды.

Жогорку лигада «Достук» жана «Намыс» командалары 3-орун үчүн беттеш өткөрүп, жыйынтыгында «Достук» атаандашын буллиттер сериясында жеңип, коло медалга ээ болгон.