Жеңиш кубогуна арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдешинин ачылыш аземи болду

Кечээ, 3-май күнү Чолпон-Ата шаарынын ат майданында 9-май Жеңиш кубогуна арналган Республикалык мелдешинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Ага Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Жеңиш Нурчоро уулу, Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Кыялбек Раимбеков жана көк бөрү федерациясынын өкүлдөрү катышты.
Мелдешке жогорку, биринчи, экинчи жана легендалар лигасынын курама командалары катышууда.
30-апрель күнү башталган мелдеш 9-майда жыйынтыкталат.