Жеңиш күнүнө арналган ат оюндары өткөрүлбөйт

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жана кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу Талас облусунда 4-майдан 9-майга чейин өтө турган ат оюндары өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Ошондой эле Ош шаарындагы ат чабыштар дагы токтотулду.

Буга чейин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги 4-майдан 9-майга чейин Талас шаарындагы Райкан Алканов атындагы ат майданда Жеңиш күнүнө карата, ошондой эле Сүймөнкул Чокморов менен Үсөн Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган ат оюндары өтөрүн жарыялаган. Анда көк бөрү, эр эңиш жана салбурун боюнча мелдештер өтүп, Ош шаарынын «Төлөйкөн» ат майданында ат чабыштар уюштурулмак.