Жоэль Кожо кумири Криштиану Роналдуга каршы ойноду (видео)

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын чабуулчусу Жоэль Кожо атактуу футболчу Криштиану Роналду менен бир талаада ойноду.

11-мартта АФК Чемпиондор Лигасынын алкагында Жоэль Кожо ойногон Ирандын «Эстегляль» клубу Сауд Арабиянын «Аль-Наср» футболдук клубу менен кез келди. Оюн 3:0 эсебинде «Аль-Насрдын» жеңиши менен аяктады.

Кожо социалдык тармактарда кумири менен өзүн салыштырган постторду чыгарды.