«Жоктой мамиле кылышты». Жуманазарованын Олимпиада үчүн операциядан баш тартканы айтылды

7-августка караган түнү Париждеги Олимпиадада күмүш медаль жеңген Мээрим Жуманазарованын машыктыруучусу Чынарбек Изабековдун жубайы соцтармактагы баракчасына балбан кыз тууралуу пост жазды.

«Мээрим үчүн абдан кубанычтамын. Бул жыл ал үчүн оор жыл болду. Дүйнөлүк чемпиондукта алган жаракаты спорттон четтетип салды. Көпчүлүк спортчу кызды жоктой мамиле кылышты. Спорттук иш-чараларга чакырбай калышты. Аны жакын достору, үй-бүлөсү жана машыктыруучусу гана колдоп турду. Мындай болот, бул жашоонун чындыгы. Олимпиада оюндарына аз калганда операция кылдыруудан баш тартты. Операциясы жок калыбына келүүнү туура көрдү. Жарым жыл машыккан жок, андан кийин аз-аздан спортко кайта баштады. Бул Мээримдин эрктүүлүгү деп билсек болот. Жолдошумду да куттуктайм. Мээримге эч ким ишеним көрсөтпөгөндө, ишенип, Олимп оюндарына даярдады», — деп жазды ал.